БАНДИТЧИЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 3 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДИТЧИЛИК (итал. banditio – баш кесер) – коомдун коопсуздугуна каршы багытталган коркунучтуу кылмыш. Бир нече кишиден турган атайын уюмдашкан куралчан туруктуу топ б а н д а деп аталат. Андай топтордун коомдук мекемелерге, ишканаларга же айрым адамдарга кол салуулары бандитчилик кылмышына жатат. Мындай аракеттери үчүн кылмышкерлер 16 жаштан баштап жоопко тартылат.
К. Курманов, К. Бодобаев.