БАРГУЗА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРГУЗА́ КЫРКА ТООСУ Россиянын Чыгыш Сибирь (Бурятия) бөлүгүндө, Байкал көлүнүн түндүк-чыгыш жээгин бойлой 280 кмге созулуп жатат. Бийиктиги 2841 мге чейин. Гранит, кристаллдык сланецтен турат. Батыш капталын мырза карагай-кызыл карагайлуу жана күӊүрт ийне жалбырактуу тайга, чыгышын кызыл карагайлуу токой ээлейт. Минералдуу булактары бар. Батыш капталында Баргуза коругу, Забайкалье улуттук паркы уюшулган.