БАРМАК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРМАК ЫР Т́ҮЗҮЛҮШШҮ – түрк элдеринин байыртан келаткан ыр системасы. Ага ар бир сапта муундардын санынын бирдейлиги мүнөздүү. Махмуд Кашгаринин «Түркий тилдер сөз жыйнагы» мына ушул ыр түзүлүшүндө жазылган. Кыргыз акындарынын ырлары көбүнесе бармак системасына негизделген. Көбүнчө ыр саптары 7, 8, 9 муундан турат (негизинен кыргыз ырында 5–15ке чейинки муундар бар).