БАРРАНКИЛЬЯ
БАРРАНКИ́ЛЬЯ (Barranquilla) – Колумбиянын түндүк-батышындагы шаар. Атлантико департаментинин административдик борбору. Калкы 2,1 млн (2018, шаар айланасы менен 2, 6 млн). Агдалена дарыясындагы порт. Океан кемелеринин токтоочу жайы. Эл аралык аэропорту, чиркөөлөр, соборлор, университеттер, консерватория, музейлер бар. Машина куруу, текстиль, нефть ажыратуу, металл иштетүү, тамак-аш – татымал, цемент, химия, жеӊил өнөр жайы, иштейт. 1629-жылы негизделген. Шаарга жакын айыл чарба плантациялары жайгашкан. Исла-де Саламанка улуттук паркы уюшулган.