ВАРИАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРИА́ТОР – кыймыл берүүчү ж-а аткаруучу механизмдердин ортосундагы кыймыл өткөрүү катышын баскычсыз жөнгө салуучу механизм. В. баскычсыз кыймыл өткөрүүчүлөрдөн ж-а аларды иштетүүчү түзүлүштөрдөн турат. Жөнгө салуу диапазону 3–6 (кээде 16га чейин), ал эми п. а. к. 0,85–0,95. Эӊ көп таралганы фрикциялык В., ал эми гидравликалык В. аз колдонулат. Ал текстиль, кагаз, хим. өнөржайларындагы станоктордо, машиналарда, транспортто ж-а өндүрүш процесстерин автоматташтырууда пайдаланылат.