«БАЙЫРКЫ ХАНЬ ДИНАСТИЯСЫНЫН ТАРЫХЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 5 Апрель (Чын куран) 2024 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БАЙЫРКЫ ХАНЬ ДИНАСТИЯСЫНЫН ТАРЫХЫ» (Цянь Хань Шу) – Батыш (байыркы) Хань династиясынын (б. з. ч. 206 – б. з. 8-жылдар) расмий тарыхы. Анда Хань империясына негиз салган 1-император Лю Бандан (б. з. ч. 256 же 247 – б. з. ч. 195-жылдар) император Ван Манга (б. з. ч. 45 – б. з. 23-жылдары) чейинки 230 жылдай мезгил камтылат. 100 бөлүмдөн (цзюань) турган бул тарыхтын автору Бань Гу (32–92) болуп эсептелет, бирок аны алгач Бань Гунун атасы Бань Бяо (б. з. 3–34) баштап ( № 9, 10, 73, 84, 98-бөлүмдөрү), аягына чыкпай калгандыктан, аны 52–82-жылдары муну Бань Гу улантып, бирок ал дагы бүтүрө албай, акыры карындашы Бань Чжао аяктаган (№ 13–20-бөлүмдөрү). Бул эмгек алгач «Хань тарыхы» («Хань шу») деп аталган, 1034–1037-жылдардагы атайын басылышында «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» («Цянь Хань Шу») деген аталыш менен жарык көргөн. «Батыштагы аймактар тууралуу баян» (Си юй чжуань) деген бөлүмүндө азыркы Борбордук Азиядагы ээликтер тууралуу айтылып, алар алгач 36 болуп, кийин майдаланып, 50дөн ашканы белгиленет. Булардан тышкары кыргыз (цзяньгунь), каӊгүй, усун, гунндар (хунн) жөнүндө баалуу маалыматтар бар. Ал боюнча Чжичжи (Хутуусы) – гунн уруусунан чыккан шанүй болуп, б. з. ч. 56-жылдагы ич ара согуштарга байланыштуу империя экиге бөлүнүп, Хуханье жана анын агасы Чжичжи өздөрүн шанүй шайлашат. Көп өтпөй Чжичжи күчтүү кол топтоп, адегенде инисинин колун талкалап, андан кийин Чжуки-шанүй ээлик кылган батыштагы гунндарды басып алуу үчүн жүрүш баштайт. Б. з. ч. 49-жылы Чжуки-шанүй жеңилип, анын 50 000 аскери Чжичжиге кошулат. Бул учурда кытай императору Хуханьеге жардам көрсөтө баштаганын уккан Чжичжи артка кайтпай, батыш тарапка карай жүрүшүн улантып, адегенде усун, уцзе, анан кыргыздар жана алардын түндүгүндөгү динлин урууларынын ээлигин басып алган. Кыргыздардын ээлиги (жери) шанүйдүн ордосунан батышты карай 7 миң ли (Н. Бичурин боюнча 10 ли орустун 5 чакырым, 210 7,5 саржанга барабар болгон), Чэшинин (Турпан ойдуңу) түндүгүндөгү 5 миң ли алыс жайгашкан. «Шанүй» – чоң, кең, терең; көп деген мааниде колдонулуп, мындай титул алып жүргөн адам «асмандай кең» болгонун белгилейт. Кыргыздардын тарыхын окууда «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» маанилүү булактардын бири болуп эсептелет.

Ад.: Таскин В. С. Материалы по истории сюнну (по китайским источникам). М., 1973; Страны и народы Востока. Вып. XXXII. Дальний Восток. Кн. 4. Проблемы географии и внешней политики в «Истории Хань» Бань Гу: Исследования и переводы. М., 2005.