БАСКЫЧСЫЗ БЕРГИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:21, 8 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКЫЧСЫЗ БЕРГИЧ, в а р и а т о р – транспорт машинасында, станокто, прибордо жетеленме валдын айлануу жыштыгын бир калыпта өзгөртүүчү механизм. Анын механикалык (анын ичинен фрикциялык), электрдик жана гидравликалык түрлөрү бар. Ылдамдыкты баскычсыз жөндөө баскычтуу жөндөөгө салыштырмалуу машинанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат, автоматташтырууну жеӊилдетет жана жүрүп баратып башкаруу мүмкүндүгүн берет. «Баскычсыз бергич» деп атоо адатта ийилчээк жана катуу чынжырлуу механикалык бергичке карата колдонулат. Берүү чынжырынын түрүнө жараша механикалык Баскычсыз бергичтер суюктукка негизделген чынжырлуу (гидравликалык), ийилчээк (тасмалуу) жана катуу чынжырлуу болот.