БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ
БАСКЫЯ КӨРҮСТӨНДӨРҮ – Нарын облусунун аймагындагы б. з. ч. 6–1 миӊ жылдык – б. з. 5–6-кылымына таандык археологиялык эстелик. Археологияда алар шарттуу түрдө экиге бөлүнөт: б. з. ч. 1-миӊ жылдыкка таандык Б а с к ы я I байыркы көрүстөнү Жерге-Тал айылынан 7 км түштүгүрөөк жерде, Баскыя өрөөнүндө жайгашкан. Ал 23 дөбө-коргондон турат. Бийиктиги 0,20–0,70 м, диаметри 7–13 м. Дөбө-Коргондун үстүнө таштар коюлган, айрымдары таштар менен тегерете корумдалган. Көрүстөндөр сүйрүрөөк келип, алардын узундугу 1,9–2,3 м, жазылыгы 0,40–1 м, тереӊдиги 0,40–1 м. Көрүстөндө адамдар жалгыз, чалкасынан жаткырылып, башы кыбыланы каратып коюлган. Чопо идиштер, колодон жасалган кооздук буюмдар, темирден жасалган эмгек куралдары, бычак ж. б. табылган. Б а с к ы я II байыркы көрүстөнү Жерге-Тал суусунун жээгинде жайгашкан. Бул жерде болжол менен 40тай дөбө-коргон бар. Түндүктөн түштүктү карай 400 мге созулуп, таш-дөбө жана таш-мүрзөлөрдөн турат. Диаметри 7ден 15мге чейин, бийиктиги 0,2–2 м. Көрүстөндө адамдар жалгыз, айрым убакта топ-топ болуп, казанактуу жана жарма көрлөргө кыбыланы каратып коюлган. Ал жерден курал-жарактар, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Көрүстөндөрдү 1981–83-жылдары К. И. Ташбаева изилдеген.