БАСОВ Николай Геннадиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:19, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАСОВ 1 to БАСОВ Николай Геннадиевич) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́СОВ Николай Геннадиевич (14.12. 1922, Воронеж – 2001, Москва) – физик, кванттык радиофизиканы негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1966), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Москва инженердик-физика институтун бүткөн (1950). 1950-жылдан СССР ИАнын Физика институтунда илимий кызматкер, ошол институттун директорунун орун басары (1958), 1962-жылдан лаборатория башчысы. Москва инженердик-физика институтунун профессору (1963). «Природа» журналынын башкы редактору (1967). А. М. Прохоров менен бирдикте кванттык системанын жардамы менен электр-магниттик термелүүнү генерациялоочу жаӊы методду иштеп чыгып, молеклалык 1-генератор – мазерди түзгөн. Басов биринчи болуп оптикалык диапазондогу (лазер) кванттык генераторго жарым өткөргүчтөрдү колдонуу идеясын сунуш кылып, ар кандай типтеги жарым өткөргүчтүү лазерлерди түзүү методун өркүндөткөн. Лениндик (1959) жана Нобель (1964) сыйлыгынын лауреаты. Ленин ордени м-н сыйланган.