БАССЕЙН
БАССЕ́ЙН с п о р т т о – сууда сүзүү, ватерполо, сууга секирүү боюнча мелдештер өткөрүлүүчү көлмө. Ал сүзүүчү жана кайык айдоочу болуп бөлүнөт. Сүзүү Бассейндери табигый жана жасалма болот. Табигый Бассейн үчүн суусу жай аккан, түбү тегиз көлмөлөр тандалат. Жасалмасы тик бурчтуу формадагы ваннадан, машыгууга даярдануучу аянттан жана техникалык имараттан турат. Узундугу 50 жана 25 м, туурасы 25, 21, 16, 11 м, туурасына жараша узундугу 8, 6, 5, 4 м жолчолору бар, тереӊдиги 1,2–1,8 м. Секирүүгө арналган Бассейндин өлчөмү 20х20 м. Анын суусун ар суткада чыпкалоо, хлорлоо, бактерицид лампалары менен нурлантуу ж. б. ыкмалар менен тазалап турат, температурасы 26–30° болушу керек. Кайык менен сүзүү Бассейни атайын жайларга курулат, анын тереӊдиги 6 мден ашпайт. Кыргызстанда Бассейндер Бишкекте 20-кылымдын 20–40-жылдарынан баштап курула баштаган.