БАСТЫРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:43, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСТЫРМА – мал кармоочу, жем-чөп, айыл чарба шаймандарын, эгин ж. б. буюм сактоочу, адамдар көлөкөлөп эс алуучу үстү жабык жай. Анын эки түрү бар: 1) убактылуу Бастырма көбүнчө жайытта мал көлөкөлөтүү же талаада эмгектенгендер эс алуу үчүн курулат. 2) Айыл чарба шаймандары, эгин, жем-чөп ж. б. сакталуучу Бастырма бекемделип үч тарабы тосулуп, үстү жабылат, бир тарабы ачык же дарбаза орнотулат. Таманына бетон, асфальт же шагыл төшөлөт.