БАСЫМ (тик аракет эткен күч)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАСЫМ 1 to БАСЫМ (тик аракет эткен күч)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ – нерсенин бетинин аянтына тик аракет эткен күч.
S
F
P n = , мында Fn = F cos􀀅, F – күчтүн чоӊдугу, 􀀅 – бетке тургузулган тик сызык м-н күчтүн багытынын ортосундагы бурч, S – беттин аянты. Ал СИ системасында Паскаль (Па) бирдиги м-н ченелет: 1Па= 1H/м2. Иш жүзүндө башка бирдиктер да колдонулат: атмосфера (атм), 1атм=9,81·104Па; сым. мам. мм.=133,322 Па. Басымдын айрым түрлөрү: 1) Термодинамикалык Басым – белгилүү температурада газ молекулаларынын идиштин бетине жасаган аракети. 2) Статикалык Басым негизинен оордук күчүнүн жасаган аракети менен аныкталат (мисалы, жер бетиндеги басым 1 атм болсо, ал эми анын борборундагы басым 350 ГПага барабар). 3) Динамикалык Басым – уруучу толкундардан пайда болгон басым (мисалы, жарылгыч зат жарылганда айланасында толкундар пайда болуп, температура 10000° Кге, ал эми Басым 100 ГПага барабар болот). 4) Жарык Басымы – жарыктын ургаалдуулугунан башка, беттин чагылуу жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Бирдей шартта жарыктын толук чагылдыруучу бетке жасаган Басымы, жарыкты толук жутуучу бетке жасаган Басымынан эки эсе чоӊ болот.