БАСЫМ КӨРСӨТҮҮ ТОБУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ КӨРСӨТҮҮ ТОБУ – адамдардын максаттуу түрдө бийлик институттарына ачык басым көрсөтүп, өз кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо максатында түзүлгөн ыктыярдуу коомдук бирикмеси. АКШда пайда болуп, кийин бардык өлкөлөргө тараган. Басым көрсөтүү тобунун ишмердигинин формасы болуп лоббизм эсептелет. Анын бир нече типтери бар: 1) экономикалык жана эмгек мамилелеринин чөйрөсүндөгү уюшулган топтор (ишкерлер ассоциациясы, керектөөчүлөр союзу, профсоюздар); 2) социалдык чөйрөдөгү уюшулган топтор (ардагерлердин бирикмелери, майыптар коому, мээримдүүлүк фонду); 3) эс алуу чөйрөсүндөгү уюшулган топтор (спорттук уюмдар, филателисттер уюму ж. б.); 4) илим жана маданият, дин чөйрөсүндөгү уюшулган топтор (илимий ассоциациялар, артисттер, сүрөтчүлөр, жазуучулар союздары, секта, мечит ж. б.); 5) саясий чөйрөдөгү уюшулган топтор (экологиялык кыймыл, тынчтык үчүн кыймыл, аялдар укугу үчүн ж. б.), ошондой эле саясий, аймактык, локалдуу, трансулуттук болуп бөлүнөт.
К. А. Мусабаева.