БАТАКАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТАКАНОВА Светлана Топчиевна (21.6. 1955-жылы туулган, Нарын шаары) – педагог, тилчи, адабиятчы-окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору (2011), профессор (2014), КМУнун филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөн (1977), КМУнун кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу (1979–82), күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты (1982–85), К. И. Скрябин атындагы УАУнун кыргыз, орус тилдер кафедрасынын башчысы (1992–2011), доцент (1993), 2006-жылдан К. И. Скрябин атн. КУАУнин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору. 2014-жылдан докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги (2005).
Эмг.: Мектепте көркөм чыгармаларды талдоонун илимий-педагогикалык негиздери. Б., 2010; Драмалык чыгармаларды окутуунун технологиясы. Б., 2013; Манас таануучу-Калим Рахматуллин. Б., 2013; Адабиятты окутуунун усулдары менен ыкмалары. Б., 2013; Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы. Б., 2014. ж. б.