ВАРИНЬОН ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРИНЬО́Н ТЕОРЕМАСЫ – теор. механиканын берилген күчтөр системасынын моменти м-н ал күчтөрдүн теӊ салмактоочу күчүнүн моментинин арасындагы көз карандылыкты көрсөтүүчү теоремаларынын бири. Күч сызыгы бир чекитте кесилген күчтөрдүн системасы үчүн фр. окумуштуусу П. Вариньон 1687-ж. далилдеген. Теорема: эгерде берилген күчтөр системасы F теӊ салмактоочу күч Rге ээ болсо, анда теӊ салмактуулук күчү кандайдыр бир борбор чекити Ого (же окко) карата моменти M(R) берилген күчтөрдүн ушул эле борборго карата моменттеринин M0(Fi) суммасына барабар, б. а.: M0(R)=M0(Fi). Бул теорема статиканын маселелеринде, курулуш механикасында ж. б. тармактарда кеӊири колдонулат.