БАРТОЛЬД
БА́РТОЛЬД Василий Владимирович (3. [15] 11. 1869, Санкт-Петербург – 19. 8. 1930, Ленинград) – чыгыш таануучу; профессор (1901), академик (1913). 1891-жылы Петербург университетинин чыгыш тилдер факультетинин араб-перс-түрк-татар бөлүмүн бүтүргөн. 1891–92-жылдары батыш-европалык чыгыш изилдөөчүлөр менен таанышуу максатында Финляндияга, Германияга (ислам таануучу А. Мюллердин, арабист Т. Нёльдекенин лекцияларын уккан), Швейцарияга, Түндүк Италияга, Австрия-Венгрияга барган. 1892-жылы чет өлкөдөн келгенден кийин Чыгыш тарыхы кафедрасында окутуучулук кызматка калтырылган. Чыгыш тарыхы боюнча магистр (05.1893), приват-доцент (1896), Чыгыш тарыхы боюнча доктор; экстраординардык (1901), ординардык профессор (1906), Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (04.12.1910), академик (12.10.1913).Окуп жүргөн учурда эле араб, перс жана түрк тилдерин тереӊ үйрөнүп, чыгыш элдеринин орто кылымдагы тарыхына өтө кызыккан. 1893–94-жылдары сүрөтчү-этнограф С. М. Дудиндин (1863–1929) коштоосунда Орто Азияга биринчи ирет илимий экспедицияга келип, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл жана Борбордук Теӊир-Тоодогу археологиялык эстеликтерди изилдеген. Кийин да бир нече жолу келип, изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында «Илимий максат менен 1893–94-жылдарда О. Азияга баргандыгым жөнүндө отчёт» деген эмгеги жаралган. «Монгол дооруна чейинки Түркстандагы христианчылык (Жети-Суу жазуу эстеликтери боюнча)» аттуу макаласынын мааниси чоӊ. Бул темага ал студент кезинен кызыгып, «Орто Азиядагы христианчылык жөнүндө» деген эмгеги Санкт-Петербуг университетинин чыгыш факультетинин күмүш медалына татыктуу болгон. Бул эмгектер Кыргызстандан табылган несториандардын эстеликтерин (12–14-кылымдар) тарыхый жактан изилдөөдө чоӊ таяныч булактардан болуп эсептелет. 1890-жылы

магистрдик окумуштуулук даражасын алуу үчүн араб, перс жана жергиликтүү авторлордун кол жазмаларын кеӊири пайдалануу менен жаралган «Монгол жортуулунун доорундагы Түркстан» аттуу темада диссертация коргойт, бирок окумуштуулар кеӊеши ага Чыгыш тарыхынын доктору деген окумуштуулук даража ыйгарат. Анын эмгектеринде түрк элдеринин тарыхы жалпылаштырылып, айрым түрк элдеринин тарыхы байыркы доордон жаӊы жана соӊку доорлорго чейин ырааттуу жазылган. Бартольд 1901-ж. Петербург университетинин экстраординардык профессору, 1906-ж. ординардык профессор, ал эми 1910-жылы Россия ИАнын мүчө-корреспонденти, 1913-жылы академик болуп шайланган. Бартольд 1905–13-жылдары Орус археология коомунун чыгыш бөлүмүнүн секретары, 1912–13-жылдары «Мир ислама» (кийин «Мусульманский мир») журналынын башкы редактору болгон. 400дөн ашуун көлөмдүү илимий эмгектерди жана ар кыл макалаларды жараткан. Мындан тышкары ал «Ислам» энциклопедиясына Орто Азиянын тарыхы боюнча 250дөй макала жазган. Анын «Жети-Суу тарыхынын очерки» (1896) ушул крайдын орто кылымдагы саясий тарыхына арналып, кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхына тиешелүү көп маселелер биринчи жолу кеӊири иликтенген. Мисалы, Мухаммед башында турган кыргыздардын могол башкаруучуларына каршы күрөшү сыяктуу саясий окуялар изилденген. Бартольд кыргыз элинин тарыхына башынан эле кызыгып келген. 19-кылымдын аягында жарык көргөн «Байыркы түрк жазууларынын тарыхый мааниси» жана «Байыркы түрк жазуулары жана араб жазуу булактары» аттуу макалаларында кыргыздардын эзелки тарыхы жөнүндө баяндаган. Ал эми анын андан кийинки көп сандаган эмгектеринде кыргыз элинин тарыхын кеӊири изилдеп, натыйжада «Кыргыздар» (1927) аттуу тарыхый очерки жазылган. Анда кыргыз элинин байыркы замандардан тартып, 19-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы боюнча дээрлик негизги маалыматтар жыйынтыкталган. Ошондуктан, анын бул эмгеги өзүнүн маанисин азыркыга чейин сактап келе жатат. Октябрь революциясынан кийин Бартольддун илимий педагогикалык уюштуруучулук ишмердиги бир кыйла көтөрүлүп, Петроград түрк тилдер институтунда профессор, Ташкентте, Бакуда, Стамбулда лекциялар окуйт. «Орто Азиядагы түрк элдеринин тарыхы жөнүндө он эки лекция» (1935) аттуу эмгеги бүгүн да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Радловдук ийримдин төрагасы (1918–30), Чыгыш таануучулар коллегиясынын төрагасы (1921–30), Түркологиялык кабинеттин директору, I Бүткүл союздук түркологиялык съезддин уюштуруучулардын бири (Баку, 1926), В. В. Радловдун «Түрк наречиелеринин сөздүгүнүн тажрыйбасын» кайра басуу боюнча комиссиянын төрагасы ж. б. көптөгөн иштерди алып барган. Бартольд тарыхчы гана болбостон, таанымал филолог-түрколог да болгон. Филологиялык иштеринин ичинен өзгөчө орунду «Менин Коркут атамын китеби» аттуу көрүнүктүү эмгектин орус тилине котормосу ээлеп турат. Мусулман калктарынын жазмасын араб тамгасынан латын алфавитине өткөрүү жөнүндөгү комиссиянын иштерине, Орто Азия университетин, чыгыш таануу китепканаларын уюштурууга, кол жазмаларды жыйноого жигердүү катышкан. Ислам тарыхы боюнча «Халиф жана Султан» (1912), «Ислам» (1918), «Мусулман коом маданияты» (1918), «Мусулман дүйнөсү» (1922), «Мусейлима» (1925) ж. б. эмгектерди жазган. Анын көптөгөн изилдөөлөрү англис, француз, немец, түрк, араб, перс тилдерине которулган. «Кыргыздар» аттуу эмгеги 1943-жылы кыргыз тилине которулган.
Эмг.: Кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1997.
Ад.: Бартольд В. В. Автобиография // Бартольд В. В. Сочинения. Т. IX. М., 1977. С. 789–792; Умняков И. И. В. В. Бартольд. Таш., 1926; Акрамов Н. М. Выдающийся русский востоковед В. В. Бартольд. Научно-биографический очерк. Душанбе, 1963; Туманович Н. Н. Описание архива академика В. В. Бартольда. М., 1976; Лунин Б. В. Жизнь и деятельность академика В. В. Бартольда. Средняя Азия в отечественном востоковедении. Таш., 1981; Кононов А. Н. Биобиблиографический словарь отечественных тюркологов. Дооктябрьский период. М., 1989.
Ч. Жумагулов.