БАТТЕРФЛЯЙ
БАТТЕРФЛЯ́Й (англ. butterfly – көпөлөк) – сууда спорттук сүзүү ыгы. Анда спортчу эки колу менен бир мезгилде сууну шилеп, андан кийин колун суунун үстүнө чыгарып, көкүрөк менен бутун брасстагыдай (к. Брасс) кыймылдатып сүзөт. 1934-жылы сууда сүзүүнүн өзүнчө ыкмасы катары кабыл алынган. Сууда сүзүүнүн эл аралык федерациясы 1952-жылы аны брасс ыкмасынан өзүнчө бөлгөн. Баттерфляйдын өркүндөтүлгөн түрү д е л ь ф и н деп аталат.