БАТЫРБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 11 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫРБАЕВА Шайыркүл Джолдошевна (8. 3. 1960-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Чычкан айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2010), профессор (2011). 1983-жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1986-жылдан КМУнун тарых факультетинде окутуучу, доцент, 1999-жылдан КМУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, кафедра башчысы. 2005-жылдан Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин тарыхый информатика лабораториясынын башчысы. «Тарых жана компьютер» эл аралык ассоциациясынын мүчөсү. 80ден ашуун илимий эмгектин (анын ичинен беш монографиянын, 3 патент, 4 окуу методикалык колдонмо) автору. РФтин Пушкин медалы менен сыйланган.