БАТЫРКУЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 11 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫРКУЛОВ Бекмурза (6. 4. 1930-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Жыгач айылы) – педагог, КРдин эл мугалими (2003). Жалал-Абаддагы мугалимдерди даярдоо курсун, КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. 1965-жылдан Токтогул районунун мектептеринде иштеген. Батыркулов көп жылдык педагогдук эмгегинде эксперименттерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, окуучулардын практикалык машыгууларын өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурган. Сабактын салттуу формасын чыгармачылык менен өркүндөтүп, анын стандарттуу эмес формаларын практикага киргизген. «Сабак сахна», «Сабак жомок» деп аталган сабактарда драмалык жана эпостук чыгармаларды пайдалануу менен окутуунун ыӊгайлуу жолдорун жүзөгө ашырууда өзүнүн илимий-методикалык жаӊыча жолун тапкан. Учурда бул ыкма улуттук педагогиканын теориялык жактан толукталышында, окутуунун методдорунун өркүндөөсүндө жалпынын үлүшүнө айланган.