БАТЫШ АВСТРАЛИЯ АГЫМЫ
БАТЫШ АВСТРА́ЛИЯ АГЫМЫ – Инди океанындагы муздак агым, Австралиянын батыш жээгин бойлой агат. Батыш шамалдар агымынын түндүк тармагы. Түштүктөн түндүктү карай агат. Суунун темппературасы кышында 15–19°Сден, жайында 21–26°Сге чейин. Ылдамдыгы жайында 25–50 см/сек, кышында басаӊдайт. Түштүк Жарым шардын тропик зонасында Түштүк пассат агымына өтөт.