БАТЫШ АВСТРАЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 11 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ АВСТРА́ЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ Батыш Австралияда. Рельефи денудациялык процесстерге бир нече жолу дуушарланган аймак. 400–600 м бийиктикте жайгашкан түздүктөр басымдуу (цоколь түздүктөрү). Австралия платформасынын кембрийге чейинки түпкү тектеринин жер бетине көтөрүлүп жаткан бөлүгүндө, катмарланган түздүктөр – Батыш Австралия калканындагы чуӊкурдуктарда жайгашкан. Четки тоо массивдери жана жалпак чокулуу калдык тоолор (Хамерсли, Кинг-Леопольд, Стерлинг ж. б.) 1000 мден бийик, чыгышында Масгрейв жана Макдоннелл тоолору (1500 мден жогору) орун алган. Жарым чөл жана чөл ландшафты басымдуу. Спинифекс формасын түзгөн түбү бекем дан өсүмдүктөрүнүн тамырына бекиген кумдуу чөлдөр (Чоӊ Кумдуу чөл, Виктория Чоӊ чөлү, Симпсон) кеӊири аянтты ээлейт. Цоколь түздүктөрүнө таштуу чөл («гиббер») мүнөздүү. Түштүгүндө карст ландшафттуу Налларбор түздүгү жатат. Кимберли жана Арнемленд жарым аралында саванна, түштүгүндө субтропиктик бадалдар, сейрек токой өсөт.