БАТЫШ БОРДУ МӨӉГҮСҮ
БАТЫШ БОРДУ МӨӉГҮСҮ Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында. Үч-Көлдүн негизги курамы – Сары-Чат суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 6,7 км, аянты 7,1 км2, көлөмү 1,52 км3. Абляция облусунун аянты 3,3 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5280 км, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4150 м. Фирн облусу Тескей Ала-Тоонун эӊ бийик чокусу – Караколдун түштүк-батыш капталынан башталат. Жанаша жаткан үч цирктен куралат. Этеги морена менен капталган. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Сары-Чатка сол тараптан куят.