БАТЫШ СИБИРЬ НЕФТЬ-ГАЗ АЙМАГЫ –
БАТЫШ СИБИ́РЬ НЕФТЬ-ГАЗ АЙМАГЫ – Россиядагы нефть менен газдын ири кендери жайгашкан зор аймак. Ал Батыш Сибирь түздүгүндө, негизинен Тюмень, Омь, Новосибирск, Томь облустарынын аймактарында. Аянты 3,5 млн км2ге жетет. Нефть менен газ кендери юра жана бор мезгилдеринин кумдуу, алевролит тоо тек катмарларында пайда болгон. Мында 40тан ашык продуктулуу горизонт табылган. Алардын калыӊдыгы 1–45 м келип, 2–3 миӊ м тереӊдикте жатат. Түштүгүндө палеозой тектери да кенге бай. Аймактагы кендер жогорку дебиттүүлүгү менен айырмаланат (нефтиники 200 т/сут, газдыкы 5 млн м3/сутга чейин). Нефтинин тыгыздыгы 880 кг/м3, курамында күкүрт аз (1,1%), бензин фракциясы көп (40–60%), парафин 0,5%ке чейин жетет. Газы жогорку сапаттуу, курамында метан 90–98%, оор углеводород 1–4%, азот 3–6%, көмүртектин кош оксиди 0,1–2%. Жылына 31,4 млн т нефть, 9,4 млрд м3 (1970) газ алынат. Негизги кендери: Самотлор, Усть-Балык, Правда, Мамонт, Батыш Сургут, Уренгой, Ямбург ж. б.