БАТЫШ СИБИРЬ ТҮЗДҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:35, 11 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ СИБИ́РЬ ТҮЗДҮГҮ , Б а т ы ш С и б и р ь о й д у ӊ у – Жер шарындагы эӊ ири аккумуляциялык түздүктөрдүн бири. Сибирдин басымдуу бөлүгүн ээлеп, түндүктөн Кара (Карск) деӊизи, түштүктөн Казак Сар-Аркасы жана Алтай тоолорунун этектери, батыштан Урал, чыгыштан Орто Сибирь бөксө тоосу менен чектешет. Аянты 3 млн км2дей. Жеринин бети өтө жайпаӊ, бир аз күдүрлүү, деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 50 мден 300 мге чейин. Морена дөбөлөрү жана жалчалары бар эки суу аралыгындагы кенен түздүктөр мүнөздүү (Васюган түздүгү, Бараба, Ишим, Кулунду талаалары ж. б.). Анча чоӊ эмес дөӊсөөлөр (Обь платосу, Сибирь жалчалары) кездешет. Тектоникалык негизин Батыш Сибирь плитасы түзүп, үстүн деӊиздик жана континенттик борпоӊ чөкмө тектердин калыӊ катмары жаап жатат. Нефть жана табигый газдын пайда болушу ошол чөкмө тектерге байланыштуу (Батыш Сибирь нефть-газ аймагы бар). Климаты континенттик. Январдын орточо темппературасы –28°Сден –16°Сге чейин, июлдуку 4–22°С. Жылдык жаан-чачыны тундра жана талаа зоналарында 200 ммден токой зонасында 600 ммге чейин. Аймагында 2000ден ашык дарыя бар; алардын эӊ ирилеринде (Обь, Иртыш, Енисей) кеме жүрөт, сал агызылат. Көлү көп (Чаны, Уба ж. б.), анын ичинен туздуу жана ачуу туздуулары да бар. Түндүк бөлүгүн түбөлүк тоӊ текши каптабагандыктан, саздардын пайда болушуна шарт түзүлөт. Батыш Сибирь түздүгүндө ландшафттын кеӊдик зоналуулугу даана байкалат. Түндүк бөлүгүн тундра жана токойлуу тундра зоналары ээлейт; аймагынын көп бөлүгү токой зонасына кирет, аны карагай, көк карагай, кедр, мырза карагай, сибирь кызыл карагайы, ошондой эле байтерек-кайыӊ токойлуу саз, тайга каптап жатат. Түштүк бөлүгүн токойлуу талаа, талаа ээлеп, көп жери айдалган. Зоналарынын көбүнө саздуу, шортоӊ жерлер мүнөздүү.
Ад.: Михайлов Н. И. Сибирь. М., 1956; Гвоздецкий Н. А., Михайлов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. М., 1970; Давыдова М. И. и др. Физическая география СССР. Азиатская часть СССР. М., 1990.
Г. Бакасова.