БАТЫШ ЧОӉ ЧҮЙ КАНАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 12 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ ЧОӉ ЧҮЙ КАНАЛЫ – Кыргызстандагы эӊ ири сугат тармагы. Чүй суусунан (Чыгыш Чоӊ Чүй каналынын суу алуучу курулмасынан 40 км төмөнүрөөк) башталып, Чүй өрөөнүн чыгышынан батышты карай кесип өтүп, аягы Казакстан аймагынан бүтөт. Узундугу 145 км; 82 миӊ га жерди сугарат. Суу чыгымы баш жагында 43 м2/сек, эӊ көп чыгымы 55 м3/сек. Канал 1940-жылы курула баштап, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1943) кол менен казылган. Каналдын калган бөлүгү 1958-жылы курулуп бүткөн, 1951–54-жылдарда каналга аралыктан башкарылуучу дамба жана боюна 7 кичи ГЭС курулган.