БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 12 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ, А н т а р к т и к а ц и р к у м п о л я р д ы к а г ы м ы – Түштүк жарым шардагы үстүӊкү суу агымы. Батыштан чыгышка карай 40° жана 55° түштүк кеӊдиктердин аралыгы боюнча Жер шарын курчап агат. Узундугу 30 миӊ кмге чейин, туурасы 1000 кмдей. Агымдын үстүнкү катмарына бул кеӊдиктердеги батыш шамалдарынын таасири зор болгондуктан, көп бөлүгүндө океандын түбүнө чейинки суу катмары агымды коштойт. Агымдын өзөгү Атлантика, Инди жана Тынч океандардын түштүк бөлүгүндөгү салыштырмалуу жылуу сууну муздак антарктика суусунан бөлүп туруучу түштүк Уюл фронту менен дал келгендиктен, суунун үстүӊкү катмарынын температурасы өзгөрүлмөлүү: түндүк бөлүгүндө 12–15°С, түштүгүндө 1–2°С. Агымдын үстүӊкү катмарында ылдамдыгы 10–25 см/сек, тереӊ диктегиси 10 см/секга чейин. Батыш шамал а. Атлантика океанында Бенгела агымына, Инди океанында Батыш Австралия агымына, Тынч океанда Перу агымына тармактанып кетет. Б. ш. агымынын зонасында катуу бороон тез-тез болуп тургандыктан, «улуган кыркынчы» кеӊдиктер деп аталат.