БАТЫШ ШЕЛЬФ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:33, 12 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ ШЕЛЬФ МӨӉГҮСҮ Чыгыш Антарктидада. Түндүгү менен чыгышынан Дейвис, батышынан Ынтымак деӊиздери менен чулганат. Батыштан чыгышка карай 580 кмге, түштүктөн түндүккө карай 65–95 кмге созулат, бийиктиги 70–100 м, муздун калыӊдыгы 250–300 м. Э. Дригальский жетектеген немис антарктикалык экспедициясы ачып (1901–03), атын койгон.