БАФФИН ДЕӉИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 12 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́ФФИН ДЕӉИЗИ – Түндүк Муз океандагы жарым-жартылай туюк деӊиз. Гренландия аралы менен Канадалык Арктика архипелагынын аралыгында. Дейвис кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен кошулат. Аянты 530 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 2414 м. Суунун температурасы жайында 4–5°Сден 0°Сге чейин, кышында –1°Сден төмөн. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат, айсберг көп. Туздуулугу 30–34‰. Суткасына эки жолу ташкындайт (4 мге чейин). Балык (треска, сельдь ж. б.) кармалат. Англиялык уюл изилдөөчү У. Баффиндин ысмынан аталган.