БАЦИЛЛАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЦИЛЛАЛАР (лат. bacillum – таякча) – көбөйүү учурунда спора пайда кылуучу таякча сымал бактериялар. Кургакчылыкка, жогорку температурага жана химиялык заттардын таасирине туруктуу. Көпчүлүгү – сапрофиттер, айрымдары оору козгогучтар. Бациллалар жаратылышта кеӊири таралган, алар органикалык заттарды минералдаштырууга катышат.