БАШ-КАЙЫӉДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ-КАЙЫӉДЫ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ача-Кайыӊды айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км. 1932-жылы орношкон. Деӊиз деӊгээлинен 2140 м бийиктикте. Калкы 4516 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры Д. Асанов туулган.