БОЛОТ БИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Created page with "'''БОЛОТ БИЙ''' ''Маматкул'' уулу (болжол менен 1680-жылдар, Фергана өрөөнү – 1758-жылдан кийин, Кетмен-Төбө өрөөнү) – сарыбагыш уруусунун бийи, ''Эсенгул баатырдын'' атасы. ''Белек Солтоноев'' боюнча ал кыргыздар калмактан сүрүлүп, Сыр-Дарыяны кечип өтүп жатканда туулга...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛОТ БИЙ Маматкул уулу (болжол менен 1680-жылдар, Фергана өрөөнү – 1758-жылдан кийин, Кетмен-Төбө өрөөнү) – сарыбагыш уруусунун бийи, Эсенгул баатырдын атасы. Белек Солтоноев боюнча ал кыргыздар калмактан сүрүлүп, Сыр-Дарыяны кечип өтүп жатканда туулган. Болот бийдин ата-бабалары (Маматкул, Үчүкө, Сарысейит, Сүтөй, Манап, Дөөлөс, Кылжыр ж.б.) жана анын туулушу, Санчы сынчыга сынатып, аял таңдап үйлөнүшү, Эсенгул аттуу уулду болушу тууралуу уламыштар кыргыздардын оозеки санжыраларынын көп варианттарында жолугат. XVIII кылымга тиешелүү кытай жазма маалыматтарында (кара: «Сиюй чжи») Болот бий өзүнө караштуу 2 миң түтүн бурут (кыргыз) менен Туюй Хуярда /Туюк жар/ жер иштетип, мал» бакканы айтылган. Болоттун мартабалуу жана өтө берешен манап болгону тууралуу кыскача маалымат Ч. Валихановдун эмгегинде да эскерилет. Оозеки кабарларга караганда Болот бий Кетмен-Төбөдө көз жуумган жана сөөгү Арстанбаптагы Кызыл-Үңкүргө коюлган.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 2; Супруненко Г. П. Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII –начала XIX веков. КР ИАсынын кол жазма фонду. Инв. № 5187; Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.