БАШ БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР
БАШ БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР (Cephalopoda) – моллюскалар тибиндеги омурткасыз жаныбарлар классы. Дене узундугу 1 смден 5мге чейин, башы чоӊ, денесин мантия каптап турат, дээрлик көпчүлүгүнүн оозунун тегерегинде 8 таажысы жана 2 жуп тинтүүрлөрү жайгашкан. Ургаачысынын арт жагында жумуртка салып, жетилгенче алып жүрүүчү атайын раковинасы бар. Баш сөөгү кемирчектүү. Тоту куштун тумшугундай калыӊ мүйүз сыяктуу эки жаагы азыгын кармап, майдалоо кызматын аткарат. Эки жуп шилекей бези бар, арткысы уулуу болушу мүмкүн. Арткы ичегисине сыя капчасынын түтүгү ачылат, мээси татаал түзүлүштө. Башынын эки жагында жакшы өрчүгөн чоӊ көздөрү бар. Алар денесинин түсүн тез өзгөртүүгө жөндөмдүү (коргонуу реакциясы). Көпчүлүгүндө жарык берүүчү органдары болот. Жашоосунда бир гана жолу тукум берет, андан кийин өлөт. 650гө жакын түрү деӊизде, океанда, көпчүлүгү тропик жана мелүүн жылуу сууларда жашайт. Жырткыч, бентос жана планктондор менен азыктанат. Көп түрлөрү фармацевтика сырьесу катары пайдаланылат.