БАШ СҮЙЛӨМ
БАШ СҮЙЛӨМ – багыныӊкы татаал сүйлөмдүн курамындагы, башкача айтканда өзүнчө ажыратып жиберсе да маанисин толук сактап калган жана айтылуучу ойдун негизин билдирген сүйлөм (мисалы, Коӊгуроонун үнү угулганда, окуучулар класска кире баштады. Мында коӊгуроонун үнү угулганда – багыныӊкы сүйлөм, окуучулар класска кире баштады – баш сүйлөм).