БАШАТ
БАШАТ – булактын синоними. Бирок, географиялык түшүнүк катары анын эки мааниси бар: 1) таштуу кургак жерден чыккан булак же «ташбулак». Мындай булактардын суусу көбүнчө чыккан жеринен алыска жетпей жерге сиӊип кетет; 2) суу башы, дарыянын башталган жери. «Башат» Кыргызстандын аймагындагы топонимдердин бир компоненти катары көп учурайт: Ак-Башат, Таш-Башат, Улар-Башат, Шоро-Башат ж. б.