БАШКЫ РЕДАКТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 15 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШКЫ РЕДА́КТОР – гезит, журнал ж. б. басма редакцияларында, радио жана телеберүү каналдарында, көп томдуу басылмаларды (мисалы, сөздүк, энциклопедия ж. б.) чыгаруучу мекемелерде адабий-чыгармачылык, өндүрүштүк-уюштуруучулук иштерди башкаруучу жооптуу кызматкер. Башкы редактор басма сөз органы менен басманын бүтүндөй редакциялык саясатын аныктап, алардын күндөлүк чыгармачылык иштерине түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт; редакциялык коллегия (гезит, журналда) менен редакциялык кеӊештин (басмада) иштерине багыт берип турат. Башкы редактор редакциянын ишин пландаштырууга, кадрлар саясатына, финансы-чарбалык абалына, басылмалардын белгиленген мөөнөттө чыгуусуна, ага жазылууну уюштурууга жана таркатууга жооп берет.