БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ
БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ – эл чарбасынын түрдүү тармактары үчүн квалификациялуу жумушчуларды даярдоочу мекеме. Мындай окуу жайларга 9 жылдык, 11 жылдык билими барлар да кабыл алынат. 9 жылдык билими барлар кесипке үйрөнүү менен бирдикте 10–11-класстын окуу программасын толук өздөштүрүп, орто билимге да, жогорку окуу жайга кирип окуу укугуна да ээ болушат. Учурда республикада 56 кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлары бар (2005).