БЕГАЛИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГАЛИЕВА Асель Сувакуновна (18. 10. 1977-жылы туулган, азыркы Бишкек шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2015), доцент (2011). 1999-жылы КМУУнун тарых факультетин бүткөн. 1999-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУда мектепке чейинки билим берүүнү даярдоо жана кайра даярдоо борборунда окутуучу, КМКТАУда «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасында улук окутуучу, Туризм академиясында доцент, М. Р. Рыскулбеков атындагы КЭУда ММК жана коомчулук менен байланыш боюнча координатор, менеджмент жана туризм факультетинин деканы. 40тай илимий эмгектин (анын ичинен 2 монография, 2 окуу китеби) автору.