БЕДЕЛ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДЕЛ АШУУСУ Какшаал тоо тизмегинде. Суук-Кыр жана Кара-Бел тоолорунун аралыгында. Бийиктиги 4260 м. Ашуудан Бедел суусунун сол куймасы Ыштык (Ак-Шыйрактын алабы) башталат. Белден жыл бою кар-мөӊгү кетпейт. Мойногу корумдуу, кумдуу келет; эки жак капталдары тик. Белде палеозой заманынын экинчи жарымында пайда болгон чулу тоо тектер (кумдук, конгломерат, сланец, акиташ теги ж. б.) чыгып жатат. Ашуунун бели эзелтен эл катташкан кербен жол болгон. 8-кылымдын экинчи жарымынан белгилүү. Үч-Турпандыктар бул белди Бадал-Арт деп да коюшат.