БЕДЕЛ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДЕЛ МӨӉГҮСҮ Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталында. Ак-Шыйрак суусунун (Сары-Жаздын алабы) жогорку агымы, Боз-Жалпактын алабында жайгашкан. Узундугу 4,3 км, аянты 5,0 км2. Өрөөндүн оӊ капталындагы бөлүгү эрип кеткендиктен, Бедел мөңгүсү өрөөн тибиндеги мөӊгүдөн жантайма тибиндеги мөӊгүгө айланган. Башы деӊиз деӊгээлинен 4878 м, этеги 3980 м бийиктикте жатат. Мөӊгүдөн Бедел суусу башталып, Боз-Жалпакка (Ак-Шыйрактын алабы) оӊ жактан куят.