БЕДЕЧИ ШИШ ТУМШУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДЕЧИ ШИШ ТУМШУК (Оtiorrhynchus ligustici L.) – шиш тумшуктар тукумундагы коӊуз. Дене узундугу 9–12 мм. Канаты кара, тумшугу катуу, томпок. Личинкасы ак саргыл, буту жок, башы күрөӊ, денеси катуу кылдуу. Ал Европа жана Азияда, Европанын чыгыш бөлүгүнүн тоолуу жерлеринде кездешет. Коӊуздары менен личинкасы топуракта кыштап, жазында чыгат да өсүмдүктүн жалбырагы менен азыктанат. Беде, уй беде, эспарцет, кант кызылчасы, жер буурчак, жасмык, соя ж. б. өсүмдүктөргө зыян келтирет.