БЕДИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДИЗ – ташка чегип, оюп, кооздоп сүрөт тартуу. Орхон жазмаларында таштан чегилип жасалган адамдын келбети Бедиз деп аталган. Түрк тилинде Бедиз көркөмдөө, кооздоо, оюу, кооз имарат тургузуу деген маанини берет. Түрк жазмаларында Бедиз баатырлардын тулкусу ташка чегилген жана алардын жанына тизилип коюлган таш тирөөчтөргө (балбалдарга) карата да айтылган.

Жазуу чегилген бедиз таш (Монголия).