БЕДИЯРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДИЯРОВ Арзыбек (11.10.1952-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызыл-Сеӊир айылы) – обончу, КРдин эл артисти (2006). Жалал-Абад медициналык окуу жайын (1975), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1982) бүткөн. 1970–72-жылы Сузак райондук «Пахтачы» гезитинде корректор, кабарчы, 1975–77-жылдары Сузак районунундагы мектеп-интернатта фельдшер, музыка мугалими, 1983–90-жылдары ошол эле жерде директордун орунбасары, 1990-жылы профсоюздардын облустук кеӊешинде маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, 1992-жылдан Жалал-Абад медициналык окуу жайында мугалим. Бедияров – облустук телерадиокомпаниянын «Гүлгүн жаш» фольклордук тобунун уюштуруучусу жана жетекчиси. Анын кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган «Барам сага», «Кутмандуу жерим», «Кайра келчи», «Сезимде калды элесиӊ» ж. б. ырлары эл арасына кеӊири тараган. «Барам сага» обондуу ыр жыйнагы жарык көргөн.