БЕЗБЕЛДЕК
БЕЗБЕЛДЕК (Оtis tetrax) – тоодактар уруусуна кирүүчү канаттуу. Дене узундугу 40 см, салмагы 800 гга чейин. Жону чаар болуп, кумдак, чөптүү жерде жашырынуусуна ыӊгайлуу. Эркегинин моюну жазында агала кара түстө. Безбелдек мындан 40–50 жыл мурда Орто Азия жана Казакстан мейкиндиктеринде көп таралган. Азыр Кыргызстанда бул түр сейрек учурайт. Жайлоодо (Суусамыр, Кара-Кужур, Ысык-Көл, Чүй, Талас), бөксө тоолордо, ойдуӊда жана өрөөндөрдө жашайт. Жылына 3–4, чанда 11 жумуртка тууйт. Өсүмдүк бутактары, жалбырак, курт-кумурска, кескелдириктер менен азыктанат. Безбелдек байырлаган дыӊ жерлер айдалып, сугарылып жана мергенчилик көбөйгөндүктөн, саны азайып кеткен. Бул түр өзгөчө коргоого алынып, жок болуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесине киргизилген.