БЕЗГЕК ЧИРКЕЙИ
БЕЗГЕК ЧИРКЕЙИ , а н о ф е л е с (Anopheles) – курт-кумурскалар классындагы чиркейлер уруусу. Оозу сайып сорууга ылайыкталган. Буттары денесинен эки эсе узун; ургаачысы айбан жана адам канын сорот, эркеги өсүмдүк ширеси менен азыктанат. Жумурткасын нымдуу жерге таштайт. Өөрчүшү сууда өтөт. Жумурткадан өөрчүп чыккан личинка 4 жолу түлөп, куурчакчага айланат. Жер шарында 300, КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү, ошондой эле Кыргызстанда да учурайт. Алар безгек мителерин оорулуудан таза адамга жугузат. Чиркейдин чагышынан сактаныш үчүн ар түрдүү дарылар, көбүнчө диметилфталат пайдаланылат.