БЕЗОАР ЭЧКИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:43, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗОАР ЭЧКИСИ , с а к а л ч а н э ч к и (Capra aegagrus) – көӊдөй мүйүздүүлөр тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 120–160 см, бийиктиги 70–100 см, салмагы 40 кгга жетет. Эркегинин мүйүзү кылыч сымал, узун, капталынан жалпак; ургаачысыныкы кыскараак. Жонунун жана капталынын жүнү жайында саргыч-күрөӊ, кышында боз-күрөӊ, жонунда узунунан кеткен кочкул тагы бар. Жаагы, буту, сакалы (калыӊ жана узун) жана куйругу кара. Безоар эчкисинин карынында же ичегисинде чанда катуу органикалык таш сымал нерсе (безоар) болот (аты ошондон). Эгей деӊизинин аралдарында, Кичи Азиядан Афганстанга, Түндүк-Батыш Индияга чейин, Россияда Дагстанда 4200 м бийиктикке чейин кезигет. Чөп, бадал жалбырагы жана өркүндөрү менен азыктанат. Жетиден топтошуп, бир жерде туруктуу жашашат, кышкысын тоо этектерине ылдыйлап түшүшөт. Чанда, күзүндө чоӊ үйүргө (40 башка чейин) чогулушат. Ноябрь-декабрда кууттан чыгып, жазында 1–2 улак тууйт. Бакма эчкинин теги болушу мүмкүн. Аӊчылыктан улам саны азайып кеткен. Бул түр ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.