БЕЙИШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙИШ – дүйнөлүк диндердеги (христианчылык, ислам, иудаизм, буддизм) түшүнүк боюнча дин жолундагылардын жаны үчүн «тиги дүйнөдөн» берилген түбөлүк жыргалчылык, ыракат жай. Бул түшүнүк алгачкы коомдо эле пайда болгондугун археологиялык изилдөөлөр ырастайт. Исламда Бейиш ал-жанна, жаннат, башкача айтканда бейиш багы деп аталат. Библияда (Эски осуятта) Бейиш Адам жана Ева жерге куулганга чейин жашаган ажайып бак катары сүрөттөлөт. Кийин христиандык дин окуусунун өнүгүшү менен дин жолундагылар кайрылып келе турган Бейиш жөнүндөгү идея бекемделет. Бейиштин жыргалчылыгы көптөгөн диндерде жердеги кылган күнөөлөрү үчүн жазаланып түшкөн «тиги дүйнөдөгү» тозок түшүнүгүнө карама-каршы коюлат, к. Жаннат.