БЕЙСЕБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙСЕБАЕВ Рахат Сансызбаевич (3. 1. 1975-жылы туулган, азыркы Бишкек шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2020). БГУну (2001), Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербургдагы филиалынын аспирантурасын (2008) бүткөн. 2001–02-жылдары Москва райондук мамлекеттик администрациясында бөлүмдүн жетектөөчү адиси, 2009–16-жылдары КРСУда кафедранын доценти, 2011–18-жылдары К. Карасаев атындагы БГУнун Славян таануу факультетинде бөлүм башчы, 2011–13-жылдары Вестминстер университетинде (Лондон, Улуу Британия) илимий стажёр, 2013–17-жылдары К. Карасаев атындагы БГУда кафедра башчысы, 2017–20-жылдары Кыргыз-кытай факультетинин деканы, 2020-жылдан профессору. Эл аралык менеджмент институтунда стажёр (Дели, Индия) (2014), «Ednet» билим берүү тармагынын эксперти (2014), КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти (2018). BILIM-STANDARD агенттигинин эксперти (2019).