БИОМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:53, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́М (био... жана лат. оmа – жыйындысы) – белгилүү ландшафт-географиялык зонада жашаган түрдүү организм топтору жана алар жашаган чөйрө жыйындысы. Ал – ири биогеоценоз, экологиялык географиянын негизги объектиси болуп саналат. Алар климаты, фаунасы менен флорасы боюнча айырмаланат. Жер бетиндеги ири, негизги Биомдор тундра, тайга токойлору, жазы жалбырактуу токойлор, субтропик токойлору, нымдуу тропик токойлору, чөлдөр, талаалар, айдоо аянттары ж. б.