БИОНТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИО́НТ (гр. bion – жашоого жөндөмдүү) – эволюциянын жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөгө (биотопко) ыӊгайланышып жашап жаткан организм. Кургакта жана абада жашаган организмдер – аэробионттор, сууда жашаган организмдер – гидробионттор, топурактагылар – педобионттор, жаныбар жана өсүмдүк калдыгын ажыратуучулар сапробионттор деп аталат. Ал эми ар кандай чөйрөдө жашоого жөндөмдүү организмдер – эврибионттор ж. б.