БИОЦЕНОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 18 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЦЕНО́З (био… ж-а гр. koinos – жалпы) – белгилүү бир географиялык мейкиндикте тарыхый эволюциялык жактан бири-бири менен тыгыз байланыштагы өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдердин популяцияларынын жыйындысы. Биоценоз терминин немец биологу К. Мёбиус киргизген (1877). «Биоценоз» тирүү организмдердин эволюциялык өнүгүүсүндөгү табигый тандалуунун натыйжасы болуп эсептелет. Биогеоценозду түзүүчү организмдердин тиричилик үчүн күрөшү табигый-эволюциялык факторлордун натыйжасында пайда болгон. Биоценозго кирген өсүмдүк жыйындысы фитоценоз, ал эми жаныбарлардыкы зооценоз деп аталат. Биогендик зат алмашуу катнаштары боюнча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор жана сапрофагдар болуп бөлүнөт.